50 тыйындык купюра өзүнөн 9 миң эсе кымбат сатылууда. Себеби

Өзгөчөлөнгөн купюра 2001-жылы чыккан. Анын баштапкы баасы — 4 миң 60 рубль (4 640 сом) деп көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиялык интернет-аукциондордун биринде 50 тыйындык купюра сатыкка коюлду.
Маалыматка караганда, ал 2001-жылы чыккан. Баштапкы баасы — 4 миң 60 рубль (4 640 сом) деп көрсөтүлгөн.
Сатуучу мындай жогору баа койгонунун себебин купюра өзгөчө сериядан экенин түшүндүргөн. Тагыраагы, катар номери тетиринче басылган купюра басып чыгаруу учурунда жараксыз болуп калгандардын ордуна колдонулат. Бул сериядагы акчалар саналуу гана көлөмдө басылып чыккандыктан, нумизматтар арасында жогору бааланат.