Ош облусунда имамдардын билим деңгээли жогорулатылып жатат. Сүрөт

Аталган окутуулар буга чейин Жалал-Абад, Өзгөн жана Кара-Суу шаарларында өткөрүлүп келсе, эми Ош облусунун башка аймагында улантылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ош облусунда имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сабактары башталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Ош облусунда имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сабактары башталды
2 / 2
Ага ылайык, кечээ облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында мечит имамдарына алгачкы окуу сабагы уюштурулган.
Ага ылайык, кечээ облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында мечит имамдарына алгачкы окуу сабагы уюштурулган. Иш-чарага казыяттын эмгек жамааты, райондордун башкы имам-хатибдери жана Кара-Суу районунун имамдары катышкан.
Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев коомдун өсүп-өнүгүүсү үчүн илим-билим алуунун зарылдыгы чоң экенин белгилеген.
"Ал эми облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев мусулман коомчулугунда, анын ичинде салттуу ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасында таасирдүү болгон китептерден сабак берди", — деп айтылат маалыматта.
Аталган окутуулар буга чейин Жалал-Абад, Өзгөн жана Кара-Суу шаарларында өткөрүлүп келсе, эми облустун башка аймагында да улантылат.