Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүлмөкчү

Министрлер кабинети калкты эмдөөнүн темпин жогорулатуу аракетин көрүүдө. Жергиликтүү бийлик органдарына жана Саламаттык сактоо министрлигине тапшырмалар берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын башчыларына, облустардын жетекчилерине, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине борбордук жана мекемелик бөлүмдөрдүн мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерине коронавируска каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү тез арада уюштуруу тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөргөн. Ал эмдөөнү тездетүүгө жана жарандарга вакцинаны алуу зарылдыгы тууралуу маалыматтарды көбүрөөк жеткирүүгө токтолгон.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылган:
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күнү-түнү эмдөө пунктуларында иштеген дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Облустардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине калкты массалык түрдө эмдөө маселесин жеке көзөмөлгө алуу тапшырылган.