Курман айт намазы аянттарда окулбай турган болду

Коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу Айт намазды эски аянтта эмес мечиттерде окуу чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Курман айтка карата намаз аянттарда эмес мечиттерде окулат. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынганын муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев кабарлады.
"Бардык санитардык эрежелерди сактоо менен мечиттерде гана окулат", — деди ал.
Курман айт майрамы быйыл 20-июль, шейшемби күнү белгиленет.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам май айында да айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган.