Кыргызстанда көк бөрү жөнүндө даректүү тасма тартыла баштады. Сүрөт

Тасманын негизги максаты — улуттук көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салтын жайылтуу болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Улуттук көк бөрү оюну эреже менен ойнотулуп баштагандыгынын 25 жылдыгына карата аталган спорттук федерация Кыргызстанда даректүү тасма тарта баштады. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Чыгармачыл топ 14-июлда өлкөнүн аймактарынан ишин баштады.
1 / 3
Улуттук көк бөрү оюну эреже менен ойнотулуп баштагандыгынын 25 жылдыгына карата аталган спорттук федерация Кыргызстанда даректүү тасма тарта баштады.
2 / 3
Чыгармачыл топ 14-июлда өлкөнүн аймактарынан ишин баштады.
3 / 3
Тасманын негизги максаты — улуттук көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салтын жайылтуу жана жандандыруу.
Тасманын негизги максаты — улуттук көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салтын жайылтуу жана жандандыруу. Мындан тышкары, жаштардын мекенчилдик сезимин, улуттук каада-салттарды сүйүү жана урматтоо сезимин тарбиялоо жана көк бөрү оюнун дүйнөлүк аренада жайылтуу болуп эсептелет.
"Көк бөрүнүн спорттук мелдештер үчүн тай казан менен ойнотулган заманбап эрежелерине быйыл туура 25 жыл болду. Ал 1996-жылы иштелип чыккан. Буга байланыштуу улуттук федерация тарабынан көк бөрү оюну боюнча даректүү тасма тартуу башталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Жакынкы арада федерация тасманы республикалык телеканалдар аркылуу кеңири жайылтууну пландаштырып жатат.