Пресс-борбор

КРдеги бизнеске мамиле кандай? Ишкерлер кеңешинин жетекчиси үн катты

Сыдыковдун айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин деңгээли кескин төмөндөп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун бизнес чөйрөсүндөгү жарлыктары аткарылбай жатат. Мындай пикирди Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков билдирди.
Ал чечимдердин аткарылбай жатышынын себептерин чечмелеп көрдү.
"Өлкөдө эмне себептен алга жылуулар болбой, жарлыктар аткарылбай жатат? Анын негизги себептеринин бири — акыркы жылдарда өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлердин деңгээлинин кескин төмөндөп кеткени. Мамлекеттик кызматтагы көптөгөн мыкты кадрлар, тилекке каршы, ар кандай себептер менен кетип калышкан. Мамлекеттик органдардын жетекчилери туруктуу иштебей, дайыма алмаша берет. Учурда туруктуулук зарыл болуп турат. Көптөгөн шашылыш чечимдер кабыл алынып, бир жетекчи дайындалат, бир ай өтпөй экинчиси келет. Бул көрүнүшкө дыкаттык менен кароо керекпи?" — деген ал.
Ал ошондой эле Кыргызстанда экономикалык блокко карата жазалоочу мамиле жасалып жатканын белгиледи.
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты
"Өкмөттүн түзүмү бир кыйла өзгөрдү. Мамлекеттик органдардын жобосун иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн эле бир ай убакыт кетти. Иш бир апта бою ордунан жылбай турду. Ошондой эле экономикалык блокко карата жазалоо мамилеси жасалып келет. Экономика, Инвестициялар министрликтери кандайдыр бир аракеттерин көргөнү менен ал укук коргоо органдарынын кысымына кабылууда. Ошондуктан биз бир колуң жасаганды экинчи колуң көрбөйт болуп жатабыз. Өкмөт бир муштумдай түйүлүп иштеши үчүн бардык күчтөрдү бириктирүү зарыл", — деген Ишкерлер кеңешинин директору.
Сыдыков кошумчалагандай, Кыргызстанда баалардын өсүп кеткенине байланыштуу жашоо күн сайын улам кыйындап жатат.