Бир суткада 1 290 кишиден коронавирус табылып, 10 адам каза тапты

Азыркы тапта 4 813 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 411 адамдын абалы оор болсо, 217 кишиники өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 290 кишиден коронавирус табылып, 1 029 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жуктургандар:
Ушуну менен оору жуктургандардын саны 144 958ге жетти. Анын ичинен 121 760 киши дартты жеңди.
Айыккандар:
Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын берүүнү пландап жатат
Азыркы тапта 4 813 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 411 адамдын абалы оор болсо, 217 кишиники өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 40 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.