Хабибдин EFC уюму кыргызстандык Данияр Бабакуловдун атаандашын жарыялады

33 жаштагы Данияр Бабакулов 27 айлык тыныгуудан соң октагонго кайра чыкканы жатат. Ал ММА спортунда 17 беттешке чыгып, 11инде уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун EAGLE FC лигасынын Чолпон-Атада өтүүчү мелдешинде кыргызстандык Данияр Бабакулов Константин Веселкин менен таймашат. Атаандаш жуптун постерин аталган уюм социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. 
33 жаштагы Данияр Бабакулов 27 айлык тыныгуудан соң октагонго кайра чыкканы жатат. Ал ММА спортунда 17 беттешке чыгып, 11инде уткан. Алты жолу жеңилген. Анын атаандашы Веселкин 24 жашта. Ал карьерасында 19 таймашка чыгып, он атаандашын уткан. Тогуз жолу утулган.
Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы аныкталды
Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдеши Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда өтөт. Ага промоушендин негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов атайын конок катары келет.
Аталган лиганын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. 3-августка белгиленген мелдештин башкы беттешинде уюмдун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) чемпиондук наамын коргоо үчүн кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен таймашат.