БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Кадимки кефир тамак сиңирүүнү жакшыртып, иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна Елена Соломатина билдирген. Адистин сүт азыгы тууралуу пайдалуу кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.
Медиктин айтымында, күнүнө аз-аздан кефир ичип туруу организмге чоң пайда алып келет. Дал ушул азыктын жардамы менен иммунитетти бекемдеп алса болот.
"Биздин иммунитеттин 70 пайызы ичегиге байланышкан жана микробиотиктин абалынан көз каранды. Ал эми кефир аларга түздөн-түз таасирин тийгизет. Аталган азык пробиотик болуп эсептелет жана анын курамында организмге жардам бере турган бактериялар бар", — деди Соломатина.
Адис микробиотиктин абалын жакшыртуу үчүн күнүнө бир стакандан кефир ичип туруу жетиштүү экенин белгилеген. Кийинчерээк аны башка кычкыл сүт азыктарына алмаштырса болот.
Соломатина тамакты көп жеп алган күндүн эртеси кефирдин жардамы менен организмди эс алдырса болорун айткан. Мындай күндөрү бир литр кефир ичүүнү же аталган сүт азыгына жемиштерди кошуп жеп коюуну сунуштаган.