Этникалык кыргыздар жарандыкты жаңы процедура менен 20-июлдан тарта ала алат

Мындай процедураны этникалык кыргыздар, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдар колдоно алат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Этникалык кыргыздар жарандыкты жеңилдетилген түрдө алуу үчүн документтерин 20-июлдан баштап тапшыра алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Тиешелүү документтерди министрликтин алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаменти кабыл алат.
Түркиялыктарга КР жарандыгын мыйзамсыз берген деп шектелген жетекчи кармалды
Мындай процедураны этникалык кыргыздар, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдар колдоно алат.
Жакында эле президент Садыр Жапаров "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" жарлыкка кол койгон.
Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.