Аллергиясы барлар кайсы учурда коронавируска каршы эмделе албайт? Медиктин жообу

Дарыгердин айтымында, аллергиясы бар адам вакцина алардын алдында сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерине барып көрүнүп, консультация алышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев брифинг учурунда аллергиясы бар адамдар кайсы учурда коронавируска каршы эмделе албай турганын айтып берди.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев
Аллергиясы бар адам вакцина алардын алдында сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерине барып көрүнүп, консультация алышы керек. Ошондой эле вакцина сая турган медикке да аллергиясы бар экенин алдын ала эскертип айтканы оң.
"Тамак-ашка аллергиясы барлар да "вакцина алсам болобу?" деп сурап жатышат. Эгер жумуртка же лимон сыяктуу азыктарга аллергияңыз болсо, бирок аны жеңил эле көтөрсөңүз анда дарыгер менен кеңешип эмделсе болот. Кокус мындай азыктарды жегенде күчтүү реакция берсе, анда эмделүүгө болбойт. Мындан сырткары, аллергия күчөп турган учурда да вакцина алганга болбойт", – деди Сарыбаев.
Аллергия менен ооругандар үчүн вакцина алуунун каршы көрсөтмөлөрү:
Сарыбаев вакцинага каршы көрсөтмөлөр ушулар гана экенин айтып, башка учурда аллергиясы барлар коронавируска каршы эмделе берсе болорун кошумчалады.