COVID жуктургандар үчүн Чүй менен Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар

Чүй облусу менен Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандарды дарылап жаткан 19 оорукананын жетөөндө гана орун бар.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн жети ооруканада 151 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымат бүгүн, 15-июль, саат 10:00гө карата айтылды.
Өткөн суткада Кыргызстанда 1 290 кишиден коронавирус табылды. Азыркы тапта 4 813 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.