Суу тартыштыгы. Чүйдө суу сактагыч жана каналдар курулат

Боролдой суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Боролдой суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 2
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Боролдой суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты.
2 / 2
Анда Боролдой суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды.
Анда Боролдой суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды. Жыйынтыгында Жунушалиев төмөнкү тапшырмаларды берди:
Буга чейин өкмөт Орто Чүй каналын куруу жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлаган. Бирок долбоор боюнча кенен маалымат берилген эмес.
Мындан бир ай мурда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги уюштурган пресс-турда Кемин районунда көлөмү 32 миллион кубометр болгон Боролдой суу сактагычын куруу боюнча пландар бар экендигин маалымдалган эле.