Жалал-Абад: Чарбак айылындагы кудуктан эки кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

Алдын ала берилген маалыматта, алар К.Т. аттуу 45 жаштагы эркек киши менен А.К. аттуу 18 жаштагы улан экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылындагы кудуктан чоң киши менен жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.
Алдын ала берилген маалыматта, алар К.Т. аттуу 45 жаштагы эркек киши менен А.К. аттуу 18 жаштагы улан экени айтылды.
"112 кызматына таза суунун кудугунда эки адамдын сөөгү жатат деген маалымат түшкөн. Базар-Коргон райондук үч куткаруучу аларды сыртка алып чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар эки сөөктү ошол жерден милиция кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүп берген. Маалыматта алардын эмнеден каза болгону айтылган эмес. Милиция өлүмдүн себебин тактап жатканын билдирди.