Төбө чачы түшө баштаган жаштар көбөйдү. Трихолог Айсаракунованын маеги

Трихология илими жаш илимдердин катарына кирет. Трихолог — бул адамдын чачына байланышкан көйгөйлөрдү жана баш терисиндеги ооруларды карай турган адис.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы трихолог Жыпара Айсаракунова менен чачка байланышкан оорулар жана алардын себептери тууралуу маектешти. 
Трихолог Жыпара Айсаракунова
— Трихология илими качан пайда болгон?
— Трихология — бул жаш илим. Илимдин өзүнчө багыты катары ХХ кылымдын орто ченинде пайда болгон. Трихология — дерматокосметологиянын бир бөлүгү. Ал баш теридеги ооруларды, чачтын тамырынын дартын изилдейт. Европа жана Россияда трихология илими мындан 20-25 жыл мурда пайда болгон. Ал эми бизге келгенине 10-15 жылга чамалап калды. Азыр деле көбү бул илим менен тааныштыгы жок. Эми гана дерматологдорго барып көбүнчө алардын багыттамасы менен келип жатышат.
— Трихологдор чачтын морфологиясын жана жалпы абалын изилдөө үчүн кандай ыкмаларды колдонушат?
— Трихологдордун куралы трихоскоп жабдыгы болуп эсептелинет. Трихоскоп — бул баштын терисин, чачтын тамырын 60-70 эсеге чоңойтуп көрсөтүүчү лупа. Негизинен ушул жабдык менен гана иш алып барабыз. Чачтын тамырынын жанында май бездери бар. Ошол бездер майды көп бөлүп чыгарганда чач майланышып, мындан улам чачтын структурасынын бузулгандыгын билүүгө болот.
— Бейтаптарга анализ коёрдо жалпы биохимиялык, гормоналдык жана кандын анализдери да керекпи?
— Албетте, керек.
— Микроскоптук изилдөө жетишсиз болобу?
Невроз, энурез, аутизмге жардам берет. Биоакустикалык коррекциянын күнгөй-тескейи
— Трихологго бейтап алгач келгенде эле трихоскоп менен карап, андан кийин анын оорусунун себебин табуу үчүн керектүү анализдерди тапшырууга жөнөтөт. Алгач дартты так аныктап алуу зарыл. Анткени тирүү жан болгондон кийин чачка да адамдын ички организминдеги болуп жаткан процесстер түз таасирин берет. Мисалы, кичинекей баланын чачы түшүп жатса, эң биринчи анын себебин аныктап алуу керек да. Гемоглобин төмөндөп же ар кандай чүчөк курттары болгондо да наристенин чачы майда-майда болуп түшө баштайт. Чоңдор эндокринологго, гормондорго анализ тапшырып, аутоиммундук ооруларынын бар-жогун текшертиши керек. Чач негизи нерв жана эндокриндик системадан көз каранды.
— Өлкөбүздө чачка кам көрүүчү каражаттардын рыногу абдан чоң. Ар кандай шампундар бар, ал гана эмес эркектерге да өзүнчө каралган. Эркектер менен аялдардагы чачтын морфологиясы ушунчалык айырмаланып турабы, мындай бөлүнүү керекпи?
— Азыркы заманда косметология абдан өнүгүп жатат. Ошого жараша ар кандай фирмалар шампунь, бальзам өңдүү каражаттарды чыгарууда. Бет майлардай эле шампундар да майлуу чачка жана кургак чачка арналып бөлүнөт эмеспи. Акыркы эки айда бизге "кандай гана шампунь колдонгон жокмун, какачтан такыр арыла албай койдум" деп көп кайрылып жатышат. Негизи биздин клиника беш жылдан бери какачка каршы чачты тазалоочу атайын пилинг кылып келебиз. Андан кийин чачка мезотерапия, плазмотерапия деген процедураларды жасайбыз. Булар чачты дарылоо лосьону болуп эсептелинет. Бардык процедуралардын алдында чачтын түптөрүн, тамырларын тазалап алган жакшы. Андан кийин витаминдерди сүйкөсө чачтын тамыры жакшы сиңирип, жыйынтык берет. Негизи чачка түбүнөн да, үстүнөн да азык жетпей калганда куурап, өлүү чачка айланып баштайт. Чач күндүн нурунан да витамин алат. Демек, чачтын түрүнө жараша косметикалык каражаттарды тандай билсек, жардамын берет. Ал эми эркектер менен аялдардын чачынын түзүлүшүндө анчалык айырма болбойт. Косметикалык каражаттар бирдей эле керектелет. Эркектер чачын дайыма кыска алып жүргөндүктөн чачтары катуу болот.
— Чачтын түшүшүнө кандай факторлор таасир этет?
Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги
— Чачтын түшүшүнө гендин да таасири бар. Эркектер көбүнчө тайларынын генин тартат. Учурда чач түшүү да жашарды. Мурда 40-50 жаштан кийин маңдайкы чач түшө баштаса, азыркы балдардын чачы 20-25 жаштан кийин эле түшө баштады. Маңдайкы чачтар кайгыруудан, стресстен, депрессиядан жана катуу корккондон улам түшөт. Бир жолу чачы түшүп жаткан 6-7 жаштагы кичинекей кызды алып келишкен. Изилдеп көрсөк, апасы кызы менен чогуу отуруп алып коркунучтуу кинолорду көрчү экен. Мындай фильмди көрүп жаткан адам тырышып отургандыктан организмге өтө терс таасир тийгизет.
Ошондой эле ата-энеси ажырашкан кезде да балдар стресске кабылат. Мында да жаш балдардын чачы түшүшү мүмкүн. Кээде унаада кетип баратып жол кырсыгына кабылганда, жаман кабар укканда же капысынан кишинин өлүгүн көрүп калганда адам катуу чочуп калат. Ошол маалда адамдын башындагы кан тамырларга, чачтын түбүндөгү тамырларга да сокку болот. Негизинен адамдын иммунитетинин начарлашы буга түздөн-түз таасир этет. Чач цинк, темир өңдүү витаминдердин жетишпей калышынан да түшөт. Удаа-удаа төрөй берген аялдардыкы жана бала талпынганда чач түшкөнү байкалат. Себеби эмизгенде энедеги витаминдердин баары балага кетет. 
— Коронавирус менен ооругандардын да чачтарында өзгөрүү болобу?
— Эки жылдан бери ковид менен ооругандар да кайрылууда. Коронавирус болгондон кийин ары дегенде беш айдан кийин иммунитет начарлагандыктан чач түшө баштайт. Ошол себептен биздин чачыбыз иммундук жана эндокриндик системадан көз каранды. Аутоиммундук ооруларда, богоктун түрлөрүнөн, кант диабетинен, онкологиялык оорулардан жана химия терапиясынан улам чач түшүшү күтүлөт. Айрымдардын чачы химия терапиядан кийин түшүп, кайра капкара болуп чыгат.
— Чачтын агарышы деле витамин жетишпегенден болот да?
Адамды билинбей жайлаган жыныстык инфекциялар. Дерматовенерологдун маеги
— Ал да тукум кууйт. Чачы эрте агаргандарды карасаңыз алар көп оорубайт. Себеби иммундук системасы жакшы балдардын чачы агарат дешет. Бирок эмнеден улам чач агарарына азырынча так жооп жок. Буга дарылоо процедуралары акырындан жардам берип баштайт. Муну менен бирге кыргыздарда, өзгөчө кыз баланын чачын кичинесинде алып турбаса суюк, жука болуп калат дешет. Бул туура эмес. Себеби баланын чачы ата-энесинин генине байланыштуу болот. Негизинен мында да Д витамини, темир өңдүү витаминдер жана пайдалуу азыктар жардамга келет.
— Сизге негизи кайсы көйгөйлөр менен көп кайрылышат?
— Акыркы эки жылдан бери какач менен көп кайрылышууда. Пилинг жасап, эки-үч жолу маска койгондон кийин рахматын айтышат. Чачты какач басуу тамак-аштан, өнөкөт чарчоодон улам болот. Тез-тез ар кайсы мамлекеттерге учуп жүрүү да таасирин тийгизет. Анткени сууда айырмачылыктар болот.
— Чачты күйгүзгөндө түптөрү аябай ачышып, өлүү болуп калат эмеспи. Мунун адамга канчалык деңгээлде зыяны тиет?
— Ар кандай кислотаны кошуп чачты күйгүзүү чачтын түзүлүшүнө терс таасир этери шексиз. Ысык үтүк же фенди колдонгондо да абайлаш керек. Чач да орган. Ал да ооруйт. Чачты күйгүзгөндө баш териден бери күйгүзөт. Бирок кийин жаңы чач өсүп чыкканда анын бардыгы акырындап калыбына келет. Боёк жакпай калса да себореяга (май бездеринин бузулушу менен мүнөздөлгөн тери патологиясы — ред.) алып келет.
— Трихологго кайсы убакта кайрылуу керек? Негизи чачка байланышкан оорунун олуттуу белгилери барбы?
— Бул жерде жаш курагы каралбайт. Ал ар бир адамдын организмине жараша болот. Эки жаштан баштап бөбөктөргө балдар лосьонун жазып беребиз. Бизде 4-5 жаштан баштап эле балдарын алып келе башташат. Азыр элдин көбү чачын карап баштады. Адамдын ден соолугу, эң ириде сулуулугу үчүн маанилүү экенин түшүнүп калышты. Жаштыгыбызды сакташ үчүн бетибизге кандай кам көрсөк, чачты да кароо керек. Бетке жасалуучу процедураларды баш териге да жасаса болот. Азыр кардардын башка жеринен кан алып туруп эле аны башына куябыз. Бул кан айланууну жакшыртып, чачтын түптөрүнүн азыктанышын шарттайт. Бетибизге сайган витамин комплекстерин баш териге да алса болот.