Радио

Теңизбаев: үй-бүлө бюджетин туура пландаштыруу чыгашаны азайтат

Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн Финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Тынчтык Теңизбаев экономикалык кризис учурунда чыгашаларды оптимизациялоо керектигин айтты.
Sputnik
Пандемия шартында үй-бүлө бюджетинин киреше булактарын аныктап, анын көп бөлүгүн ден соолукту чыңдоого жумшоо зарыл. Мындай пикирин Тынчтык Теңизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, акчаны сактоодо, пайдаланууда коомдук аң-сезимди жогорулатуу боюнча иштерге маани берилиши керек.
"Үй-бүлө бюджетин ар бирибиз анализдеп турушубуз зарыл. Чыгаша жана киреше булактарын аныктап, аларды көзөмөлгө алуу менен көп көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн. Учурда баалар да көтөрүлүп жатат, пандемияга байланыштуу кээ бир адамдар жумушун жоготту. Киреше туруктуу болуп, көбөйүп турушу үчүн адам өзүнө тиешелүү жөндөмдөрүн колдонушу зарыл. Мисалы, бир ишке таланты бар адам жумуштан сырткары онлайн курстарды өтүү аркылуу же унаасы менен жеткирүү кызматы аркылуу кошумча акча табышы керек. Экинчиден, чыгашаларды оптимизациялоо зарыл. COVID жайылып жаткандыгына байланыштуу бюджеттин көп бөлүгүн жарандар ден соолукту чыңдоого жумшаганды унутпашы абзел. Анткени ооруп калуу көп чыгашага алып келет. Туура тамактануу, ден соолукка кам көрүү процедураларын алуу менен маселени чечүү кажет. Күйүүчү майлардын баасы жогорулап жаткандыктан унааны азыраак колдонуп, велосипед, электроскутерге өтсө болот", — деди Теңизбаев.
Ошондой эле адис накталай акчаны үйдө сактоо туура эмес экендигин кошумчалады.