Miami Swim Week жыл сайын июлда өтүп келет. Иш-чара дүйнөдөгү эң саркеч көрсөтмөлөрдүн бири. Подиумга моделдер таанымал бренддеги купальник жана пляждык кийимдер менен чыгышат. Бул жылы Америка, Колумбия, Бразилия жана Европадан тигилген кийимдер көрсөтүлдү.
Пандемияга карабастан мода көргөзмөсү адаттагыдай эле 7-июлдан 10-июлга чейин өттү.
Фешн иш-чарага ар кайсы өлкөдөн пляждагы эс алууну жактыргандар келген. Дизайнерлер өтө ачык кийинүүнү каалабагандарды да эске алган.