Радио

Көлбаева: айтыш өнөрү дагы изилденүүгө муктаж

Филология илимдеринин доктору, УИАнын "Манас", фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн башчысы Мээрим Көлбаева XX кылымдын башынан оозеки чыгармачылыкты жазып алып, жарыялоо иштери колго алынганын белгиледи.
Sputnik
Буга чейин айтыш өнөрү боюнча эки гана илимий китеп жарык көргөн. Мындай маалыматты Мээрим Көлбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.
Анын айтымында, аталган өнөрдү изилдөө негизинен портреттик мүнөздө жүргүзүлүп келген.
"Айтышты изилдөө ар тараптуу жүрүп келгени менен көбүнчө портреттик мүнөздөгү кандидаттык, докторлук диссертациялар жакталып келген. Буларда кайсы бир залкардын чыгармачылыгы изилденип, бейнеси ачылат. Мисалы, Калык Акиевдин, Токтогул Сатылгановдун, Коргоол Досу уулунун чыгармачылыгын изилдөөгө багытталган. Ал эми жалпы айтышка таандык изилдөөлөрдөн эки гана илимий эмгек чыккан. Алсак, 1971-жылы Пайзыла Ирисовдун "Айтыш өнөрүнүн жанрдык табияты" деген кандидаттык изилдөөсү китеп болуп жарыяланган. 2004-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тил боюнча программанын алкагында айтыштын жети томдугу жарык көргөн. Анын негизинде "Айтыш өнөрүнүн табияты, эволюция, жанр, поэтика" деген докторлук диссертация жакталып, китеп болуп чыкты. Учурда 10го чукул аспирант жалпы айтышка таандык аталган өнөрдөгү портреттик сүрөттөөлөр, андагы сатиранын орун алуусу, публицистикалык ыкмалардын колдонулушу, эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз-казак айтыштарындагы жанрдык өнүгүү сыяктуу типологиялар боюнча талдоолорду жүргүзүшүүдө. Буга утурлай эле Алымкул Үсөнбаевдин чыгармачылыгы тууралуу портреттик илимий иш жактоонун алдында турат", — деди Көлбаева.
Илимпоз Казакстанда айтышты изилдөө колго алынып, жакшы жетишкендиктер бар экенин кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: