Муфтий Ракиев жана дин аалымдары COVID-19га каршы вакцина алды. Сүрөт, видео

Кечээ Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган. Анда ооруну алдын алуу үчүн ыктыярдуу түрдө вакцина алуу маанилүү деп белгилеген.
Sputnik
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды
2 / 3
Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүшкөн
3 / 3
Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган. Анда ооруну алдын алуу үчүн ыктыярдуу түрдө вакцина алуунун маанилүү экендигин белгилеген.
Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүшкөн.