БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жыл башынан бери салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү 47 даттануу келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 20 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, учурда үч даттануу кароо стадиясында турат. Калган 24ү боюнча 43 кызматкердин күнөөсү далилденип, алар жоопко тартылды",— деп айтылат билдирүүдө.
Тагыраагы, экөө ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, 20 адам катуу эскертүү, төртөө эскертүү, 11и сөгүш алды. Беш кызматкер ротацияланып, бирөө ээлеген кызматына ылайык келбей турганы аныкталган.
Салык кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузууларды байкаган жарандар 0312 61-31-89 (ишеним телефону) номерине чалып же 0779 61-31-89 Whatsapp номерине билдирүү калтыра алат. Кайрылуулар үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги дагы иштеп жатат.