БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кытайдын Sinopharm вакцинасын алам дегендер Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында жайгашкан эмдөө жайынан жана Ден соолук паркынын аймагындагы медициналык пунктудан коронавируска каршы эмделе алышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Курманжан датканын эстелиги Чүй — Эркиндик проспектилеринин кесилишиндеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында жайгашкан. Ал эми Ден соолук паркы Айтматов проспекти менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
"Эмдөө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жүрүп жатат. Пунктулар 17:00дөн 21:00гө чейин иштейт", — деп айтылат маалыматта.
Вакцина ала турчу адамдардын жанына паспорту болушу керек. Анткени документтеги жана эмделгени жөнүндө маалыматтары Саламаттык сактоо министрлигинин базасына киргизилет.
Суроолор жаралса (0312) 32-31-27, (0312) 32-30-11,0500) 30-33-43, (0312) 54-65 -21 и (0312) 54-61-04 телефондоруна чалып маалымат алса болору айтылды. Аталган номерлер жумуш убактысында гана иштейт.