БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоо үчүн кезектеги беттешке сентябрда чыгат. Бул тууралуу ESPN телеканалы промоушендин президенти Дана Уайтка таянып билдирди.
33 жаштагы кыргызстандык спортчу кыз америкалык Лорен Мерфи менен кез келет. Дана Уайттын белгилешинче, мушкерлердин таймашы 25-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.
"Лас-Вегаста өтүүчү UFC 266 мелдешинин алкагында эки титулдук беттеш болот", — деген Уайт.
Дагы бир титулдук кармаш жарым жеңил салмактын чемпиону Алекс Волкановски менен Брайан Ортеганын ортосунда өтөт.
Шевченко акыркы беттешинде 25-апрелде эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андраде менен чыгып, аны экинчи раундда нокаутка кетирип уткан.
Ал эми анын кезектеги атаандашы 37 жаштагы Мерфи удаасы менен беш жеңишти камсыздап келе жатат.