Кандай экен? Токиого бара турган команданын спорттук формасынын сүрөттөрү жарыяланды

Мындай форманы спортчулар Олимпиада кыштагында жүргөндө, машыкканда жана сыйлык аларда кийишет. Андан тышкары, параддык жана беттеш маалында кие турчу кийимдери бар.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Токиодогу Олимпиадага бара турчу атлеттердин спорттук кийимдерин көрсөттү.
1 / 4
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Токиодогу Олимпиадага бара турчу атлеттердин спорттук кийимдерин көрсөттү
2 / 4
Курама команданын экипировкасын Кытайдын TECTOP компаниясы бекер даярдап берген
3 / 4
Форманын топтомуна 15 кийим кирген: бир нече футболка, атайын кофталар, ветровка, бут кийим, баш кийим жана башкалар бар
4 / 4
Мындай форманы спортчулар Олимпиада кыштагында жүргөндө, машыкканда жана сыйлык аларда кийишет.
Курама команданын экипировкасын Кытайдын TECTOP компаниясы бекер даярдап берген. Форманын топтомуна 15 кийим кирген: бир нече футболка, атайын кофталар, ветровка, бут кийим, баш кийим жана башкалар бар.
КР тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу кыз Паралимпиадага жолдомо алды
Мындай форманы спортчулар Олимпиада кыштагында жүргөндө, машыкканда жана сыйлык аларда кийишет.
Ошондой эле жарыштарга кийип чыгуучу атайын спорттук кийими бар. Аларды улуттук Bigser sport компаниясы тигип берген. Спорт агенттиги алардын сүрөтүн кийинчерээк берерин убадалады.
Ал эми курама команданын параддык формасын дизайнер Дилбар Ашимбаева тиккен. Бирок ак чапан жана ага басылган сакура коомчулукта ар кыл пикирди жаратып, Улуттук Олимпида комитети буга түшүндүрмө берген.