Тажикстан Афганистандан качкан этникалык кыргыздарды кабыл алганын айтты

Учурда качкындар Мургаб районунун аймагында экени белгиленди. Чек аранын бул жагы тажик аскерлеринин көзөмөлүндө болгондуктан абал туруктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Тажикстандык аскерлер Афганистан менен чектешкен аймактагы көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу талибдерден качып келе жаткан этникалык кыргыздарды кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн УКМКсына шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
"Чек арадан Афганистандын 77 жараны өттү. Алардын басымдуу бөлүгү Вахон районунун Андемин айылынан келе жаткан этникалык кыргыздар. 77 кишинин ичинен 26сы эркек, 20сы аялдар, калган 31и жашы жете элек балдар", — деп жазылат кабарда.
Алар өздөрү менен чогуу 300 топоз, үч төө, 30 жылкы жана миңге жакын майда жандыктарын айдай келишкен.
Афганистан азап чеккен өлкөгө айланып баратканда. Видео
Учурда качкындар Мургаб районунун аймагында экени айтылды. Чек аранын бул жагы тажик аскерлеринин көзөмөлүндө болгондуктан абал туруктуу экени кошумчаланды.
Ушул тапта Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" кыймылы өкмөттүк күчтөр менен тиреше баштады.
Акыркы маалыматтар боюнча, талибдер Афганистандын 80 пайызын ээлеп алгандыгы боюнча жар салууда, ал эми расмий Кабул бул билдирүүнү четке каккан.