БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына кулап кеткен Porter унаасынын ичиндеги 4 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Машинанын ичиндеги айдоочу менен өспүрүм баланы жергиликтүү тургундар аман алып калып, дагы үч киши изделип жаткан болчу. Үч күндөн кийин эки аялдын сөөгү табылып, 4 жаштагы кыз дайынсыз болуп жаткан.
13-июль күнү Кара-Таш айылында Тар дарыясынан 4 жашар кыздын сөөгү табылып, жергиликтүү тургундар аны туугандарына өткөрүп беришкени айтылды.