Ошто кайра шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Алгач тогуз партия катталып, бирок 10-июль күнү БШК "добуш сатып алуу аракетин көрдү" деген негиз менен "Ынтымак" партиясын четтеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып беш партия аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу "Улуу-Журт" партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Арызды алдын ала жыйынтык боюнча мандат албай калган "Келечек — Будущее", "Нур" "Улуу-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган "Ынтымак" партиясы жазган. Аталган партиялардын өкүлдөрү 11-июлда өткөн шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталгандыгын, ар бир партияда далилдер бар экенин айтууда.
Үй-бүлөсүнүн байлыгын көрсөтүшү керек. Депутаттарды шайлоо мыйзамынын чоо-жайы
Ал эми Ош аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиялардын талабы тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Алгач тогуз партия катталып, бирок 10-июль күнү БШК "добуш сатып алуу аракетин көрдү" деген негиз менен "Ынтымак" партиясын жарыштан четтеткен.
Баштапкы жыйынтыкка ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" — 32,61, "Биздин Кыргызстан" — 31,59, "Улуттар биримдиги" — 14,82, "Бир Бол"  7,38 пайыз добуш алган.