Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 140 миңден ашты

140 922 адамдын ичинен 87 147си вакцинанын экинчи дозасын алышкан. Эмделгендердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жалпысынан 140 922 бейтап коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 14-июлга карата 140 922 адамдын ичинен 87 147си вакцинанын экинчи дозасын алышкан. Эмделгендердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Ош шаары менен Ош облусунда да вакцина алгандар көп.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы келип, өлкөдө жапырт эмдөө башталды.