Кыргызстандын керемет табияты италиялык фотографтын көзү менен. Сүрөт, видео

Италиялык саякатчы дрон менен кыска метраждуу роликтерди тартууга адистешкен жана санарип фотоаппараттарды чыгарган компаниянын амбассадору (жарнамалоочу) болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Италиялык фотограф жана видеограф Луиджи Сиурчи Кыргызстанга болгон сапарында тартылган укмуштуудай видеолорду жана сүрөттөрдү тартуулады. Өзүнүн эмгектерин ал Instagram баракчасына жарыялаган.
Чиурчи чеберчилиги менен Кыргызстандын жаратылышынын укмуштуудай кооздугун чагылдырып берген. Аны көргөндөр асман тиреген кыргыз тоолоруна суктанат.
"Бул чөлкөмгө келүүнү каалайсызбы? Каракол чокусу, 5 216 метр. Мен өмүрүмдө көргөн эң кооз тоо", — деп жазган саякатчы.
"Менин эң сүйкүмдүү сүрөттөрүмдүн бири. Кыргызстанга соңку ирет барганда тартылган", — деп белгилейт автор.
Сүрөттө: Нарын облусунун Кызыл-Аскер айылы
Ал ошондой эле Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги капчыгайдын укмуштуудай көрүнүшүн тарткан.
"Аймактын 94 пайызы тоолордон турат. Көпчүлүк бөлүгү деңиз деңгээлинен 3 000 метр бийиктикте", — деп комментарий жазган сүрөткө.
Анын Кызыл китепке кирген тоо аркарларын, Марко Полону дрондун жардамы менен жакындан тарткан видеосу соцтармакта тарап жатат. Аларды кайсы жерден тартканын автор белгилеген эмес.
"Бул тоо жаныбарлары узун мүйүзү менен белгилүү. Алардын тукуму жоголуп кетүү коркунучунда турат. Тоо жаныбарларынын саны 6 000ге жакын деп айтылып жүрөт", — деп жазган италиялык сүрөтчү.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Хардинг дрон менен кыска метраждуу роликтерди тартууга адистешкен жана италиялык санарип фотоаппараттарды чыгарган компаниянын амбассадору (жарнамалоочу) болуп саналат.