Коронавирус менен ооруп айыккан адам ден соолугун калыбына келтирүүнү дароо башташы керек. Азыр дене терапиясы, лимфодренаждык массаж, Россияда болсо гипербарикалык кычкылтек терапиясы да активдүү колдонулуп жатат. Мында тоолуу аймактардагы төмөнкү басымдагы аба өпкөнү бат калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул тууралуу Ширин Талапбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы изилдөөлөр боюнча, коронавирус мээни 10 жылга карытышы мүмкүн.
"Коронавирусту жеңил өткөргөндөр психологиялык жана неврологиялык жактан жабыркап жатышат. Алсак, бир бейтап 15 мүнөт сайын чалып, "оору күчөп кетсе эмне кылам, мен өлүп каламбы, эмне кылыш керек" деген суроолорду берип, жакындары, өзү үчүн сарсанаа болгон. Ошондуктан бул бейтаптарга психологиялык колдоо көрсөтүп, неврологиялык реабилитацияга жөнөтөбүз. Ал эми ооруну орточо же оор өткөргөндөрдүн көбүнүн өпкөсү жабыркап жатат. Андыктан бүт бейтаптарга дем алуу гимнастикасы сунушталат. Бул боюнча видеосабактарды YouTube сегментинен тапса болот. Ошону менен бирге күнүгө кыймылда болуу, басуу, дене тарбия көнүүгүлөрүн жасоо керек. Айрым бейтаптар коронавирусту элдик медицина, ар кандай БАДдар менен дарылаганга аракет кылып жатышат. Тастыкталбаган дары-дармектер таптакыр сунушталбайт. Себеби вирус дагы деле изилденип жатат. Туура эмес дарылануунун кесепетинен оор абалга түшүп калуу коркунучу бар. Мисалы, ооруган баланын денесине спирт, койдун майын сүйкөгөн учурлар болгон. Спирт териси жумшак баланын денесин ууландырат. Бул нерседен алыс болуңуздар", — деди Талапбек кызы.
Дарыгер ПЧР анализи терс болуп чыккан бейтап жумушка дароо чыкпашы керектигин, себеби ал башкаларга вирус жуктурбаганы менен дагы деле толук сакая элек болорун кошумчалады.