Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын берүүнү пландап жатат

Учурда тараптар вакцинаны бардык талаптарга ылайык Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
"Учурда тараптар вакцинаны бардык талаптарга ылайык Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.