ЖМК: Москвада кыргыз-тажик мигранттары мушташа кетишти. Видео

Москванын тартип коргоо органдары мушташка катышкан 94 адамды кармады. Калгандары качып кеткенин РЕН-ТВ белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москвада 180дей мигрант массалык мушташка катышканын РЕН-ТВ маалымат булагы айтып чыкты.
Окуяга байланышкан видео "Вконтакте" социалдык тармагына жарыяланды.
Москвадагы ММА боюнча мелдеште массалык мушташ чыкты. Видео
Полиция чырга катышкан 94 адамды кармаган. Мушташта эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алардын кайсы улуттун өкүлдөрү экени айтылган эмес.