ЖКга 32 объектини менчиктештирүүгө документ түштү. Арасында MegaCom бар

Мында кеп бир нече компаниядагы акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу тууралуу сөз болууда. Сатыкка MegaCom уюлдук операторун чыгаруу да пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазды.
"Министрлер кабинети "Альфа Телеком" (акциянын 100 пайызы), "Кепилдик фондун" (14,09 пайызы), "Керемет банкын" (0,74 пайызы) жана Евразиялык сактык банкын (76,56 пайызы) менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөттү", — деп жазды депутат.
Sputnik Кыргызстан редакциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрага орун басары Канат Рыскуловго кайрылды. Чиновник аталган төрт компаниядагы мамлекеттик пакеттин баарын сатуу пландалып жатканын айтып берди.
"Жума күнү бул долбоорду колдоо боюнча токтом чыккан. Процедурага ылайык, программа эми Жогорку Кеңештин токтому менен да бекитилиши керек. Мындан соң аны ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлмөкчү", — деди Рыскулов.
Ал тизмеде 32 объект бар экенин белгилеп, жогоруда аталгандар да кошулганына токтолду. Калган 28 объект боюнча эч нерсе деген жок.

Активдер тууралуу кыскача маалымат

"Керемет банк" (алгач "Азия универсал банкынын" активдеринин базасында "Залкар банк" болуп түзүлүп, кийин "Росинбанк" болуп өзгөргөн. 2019-жылдан бери ушул аталышта) — негизги акционери Улуттук банк (97,45 пайыз);
Пресс-борбор
"Айыл банк" жана дагы эки объектинин акциясын сыртка сатуу сунушталууда
"Кепилдик фонду" ААК — акцияларынын 85 пайызынан көбү Улуттук банкка таандык, калганы мамлекетке тиешелүү. Фонддун милдети — банктан насыя алууда чакан жана орто ишкерлик субъектилерине кепилдик берүү;
Евразиялык сактык банкы — банктын сайттагы маалыматтарына ылайык, акциясынын 66,6 пайызы Маммүлккө тиешелүү. Андан кийин фонд дагы 10 пайызына кошумча ээлик кылып калган. Ушу тапта банкта Убактылуу администрациянын атайын режими иштейт;
"Альфа Телеком" ЖАК — уюлдук оператор, акциясынын 100 пайызы Маммүлккө таандык. Компанияны сатууга бир нече ирет аракет болгон, бирок биринен да майнап чыккан эмес.