Бир ай иштеди. Жапаров Курулуш агенттигинин жетекчисин иштен алып, башкасын койду

Маалыматта Уланбек Калманбетовдун агенттиктин жетекчилигинен өзүнүн арызы менен кеткендиги айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Президенттин жарлыгы менен Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорлугунан бошотулду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кыргызстанда жаңы кызмат пайда болуп, ага Таалатбек Масадыков дайындалды
Жапаров башка жарлык менен аталган агенттикке Токтомамбет Сатышовду дайындады.
Эске салсак, Калманбетовдун бул кызматка келгенине бир айдын тегереги болгон, тагыраагы, ал 8-июнда дайындалган эле.
Ачык маалымат булактарына таянсак, жаңы жетекчи Ош облусунун архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси болгону белгилүү. Сатышов 64 жашта, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган.