БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +29…+31, Чолпон-Атада +21…+23 градуска жетет.