Ош шаарына Sinopharm вакцинасынын 50 миң дозасы жеткирилди. Сүрөт

Кытайдан келген вакцина өлкөнүн бардык аймактарына таратылган. Анын ичинен Ош облусуна препараттын 85 миң дозасы, ал эми шаарга 50 миң дозасы жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ош шаарына Sinopharm вакцинасынын 50 миң дозасы жеткирилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Ош шаарына Sinopharm вакцинасынын 50 миң дозасы жеткирилди
2 / 2
Вакцина аймактардагы бардык эмдөө пунктуларына бирдей бөлүштүрүлө турганы кошумчаланды.
Ал эми Ош облусунун элин коронавируска каршы эмдөө үчүн вакцинанын 85 миң дозасы барган. Вакцина аймактардагы бардык эмдөө пунктуларына бирдей бөлүштүрүлө турганы кошумчаланды.
Эске салсак, 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө башталды.