БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төргасы Улукбек Марипов Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын "Ала-Арча" резиденциясында кабыл алып, анын капитаны Атабек Азисбековго мамлекеттик тууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Желек салт боюнча ири мелдешке аттанган команданын капитанына өлкө башчысы тарабынан тапшырылышы керек. Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын жан сакчысынан коронавирус аныкталгандыктан президент Садыр Жапаров аралыктан иштеп жатат. Буга байланыштуу ал иш-чарага катыша алган эмес.
"Сиздер катуу атаандаштык менен күрөшөсүздөр. Бирок анын баарын басып өтүп, ийгиликтүү кайтасыздар деп ишенем. Биздин команданын Токиодогу Олимпиада оюндарына катышышы өлкөгө сыймык алып келет. Жаштарды патриоттуулукка тарбиялайт. Өлкө боюнча сиздерди чын жүрөктөн колдоп, сүрөп, трибунадан Кыргызстандын гимни жаңырышын күтөбүз", — деди Марипов.
Ошондой эле ал Олимпиададан алтын уткандарга 10 миллион, күмүшкө 7 миллион, коло байге үчүн 5 миллион сом берилерин белгиледи.
Ал эми башкы машыктыруучусуна спорчтуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар суммада төлөнөт. Ал эми биринчи машыктыруучусу менен дарыгерине 10 пайыз өлчөмүндө сый акы берилет.
Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алган. Дагы бир спортчу Паралимпиадага лицензия уткан.
Тагыраагы, балбандар: Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жөө күлүктөр: Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов, ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров Токидо намыс талашмакчы. Ошондой эле Паралимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган.
Олимпиадалык командага грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков капитан болуп дайындалган.