БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. 13-июлга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, адамдар бири-бирине таш ыргыткан. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 13-июль саат 00:10дор чамасында Баткен районунун Төрт-Көчө айылындагы Баткен — Исфана жана Исфара —Ворух автожолунун кесилишинде Тажикстандын жарандары отурган эки автоунаа токтоп, анын ичинде мас адамдар Кыргызстандын жарандарын көздөй таш ыргытып, жаман сөздөр менен сөгүшкөн.
"Окуя болгон жерге Кыргызстандын айылдарынын жашоочулары барып, жооп иретинде аларга да таш ыргытышкан. УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери менен ИИМдин кызматкерлери чыр-чатакты убагында алдын алып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп таратышкан", — деп жазылат маалыматта.
Эки тараптын райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери тартип бузгандарга чара көрүү максатында жолугушуу уюштурууну пландаштырып жатканы айтылды. Азыркы тапта кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.