1 292 кишиден COVID табылып, 10 бейтап көз жумду. Соңку статистика

Илдет илештиргендердин көбү дагы эле Бишкекте. Мындан сырткары, Жалал-Абад, Баткен облустарында да 100дөн ашык адамдан коронавирус табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 292 кишиден коронавирус табылып, 923 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Жалпысынан Кыргызстанда 142 270 адам илдет илештирген. Анын ичинен 119 694ү ооруну жеңген.
Айыккандар:
Министр: элдин 70 пайызы вакцина алганда мектептер кадимки тартипте окуй баштайт
Азыркы тапта ооруканаларда 4 587 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 352 бейтаптын абалы оор болсо, 219 кишиники өтө оор деп бааланды. Бир суткада 36 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.