Кара-Сууда жоголуп кетти деген кишинин сөөгү дарыядан табылды

Эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Туугандары өз алдынча издеп, бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда дайынсыз жоголуп жаткан 54 жаштагы кишинин сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, эркек киши Кызыл-Суу айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Туугандары өз алдынча издеп, бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылганы айтылат.
Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында 20 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан таап, туугандарына өткөрүп беришкен.