Буту сынган Макгрегордон тарта өлтүрүлгөн Гаити президентине чейин. Апта ирмеми

Sputnik

Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү. БШК катышуу жыйынтыгы жокко чыгарылган апрелдеги добуш берүүлөргө салыштырмалуу жогору болгонун белгилейт.

Өткөн аптада Гаитинин президенти Жовенель Моизди резиденцияга жасалган кол салууда атып өлтүрүштү. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду. Кылмышка шектүү катары АКШнын бир нече жараны кармалган.

Голго да, автоголго да бай Евро-2020. Чемпионаттагы кызыктуу 10 факт
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындырып алды.

Италия футбол боюнча Европа биринчилигинин финалында Англияны утуп чемпион болду. Беттеш кызуу өтүп, негизги бөлүк жана экстра-тайм 1:1 эсеби менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы утушкан.

Ал арада футбол боюнча Аргентина курама командасы Америка кубогу мелдешинде Бразилияны 1:0 эсебинде утуп чемпион болду. Акыркы жолу Аргентина бул турнирди 1993-жылы уткан.

Япониянын Атами шаарында жер көчүп, 130 үй кыйрады. Бери дегенде 10 адам каза болгон, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.

1 / 20
Япониянын Атами шаарындагы жер көчкүнүн кесепети. Табигый кырсык 130 үйдү бузуп кетти, бери дегенде 10 адам каза болуп, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.
2 / 20
Грециянын Неос Мармарас шаарына жакын жерде деңиз үстүнө түшкөн чагылган
3 / 20
Нью-Йоркто АКШнын эгемендик күнүнө карата өткөн салтанатта атылган фейерверктерди карап отурган киши
4 / 20
Чукул жардам кызматынын өкүлдөрү Бангкокто (Таиланд) химиялык заводдо болгон жарылуудан кийин жеринде иштеп жатышат. Ишканада пенопласт жана полиэтилен даярдоодо колдонулуучу 1,6 миллион литр химиялык зат болгон.
5 / 20
Москванын Кызыл аянтындагы соода үйүнүн жанында турган кыз
6 / 20
АКШнын Флорида штатында бузулган турак үйдүн сакталып калган бөлүгү. 24-июнда Серфсайд шаарчасында турак үй ураган. Акыркы маалыматтарга караганда, 90 киши өлгөн. Урандыны тазалоо иштери азыркыга чейин жүрүүдө.
7 / 20
Индиянын Тиури кыштагында шалыда (күрүч) отурган фермер
8 / 20
Олимпиаданын оту Япониянын префектураларына жасалган эстафетадан соң Токио шаарына келди. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан, эстафета быйыл 25-мартта Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты. Өткөн жума күнү от Токиого келген. 15 күн ичинде эстафета префектуранын шаарларында өтөт, 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет.
9 / 20
Гаитиде полиция өлкө президенти Жовенель Моизди өлтүргөндөрдү издеп Порт-о-Пренсе районун тинтүүгө алууда. Моиз 7-июлга караган түнү резиденциясына жасалган кол салуу учурунда өлтүрүлгөн. Республикада 15 күнгө аскердик абал режими киргизилген. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду.
10 / 20
Москва мамлекеттик цирк жана эстрадалык искусство училищесине окууга тапшырган кыз кабыл алуу комиссиясына сынак тапшырууга даярданып жаткан кези
11 / 20
Флоридада (АКШ) өткөн Miami Swim Week көргөзмөсүндөгү модель кыздар. Бул купальниктерди жана пляж кийимдерин жарнамалаган маанилүү көргөзмөлөрдөн болуп саналат. Мында бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү атактуу дизайнерлер өз эмгектерин көрсөтүшөт.
12 / 20
Аргентина курама командасынын оюнчулары футбол боюнча Америка кубогу мелдешиндеги жеңишин майрамдоодо. Чечүүчү оюнда аргентиналыктар Бразилияны 1:0 эсебинде утуп алышты. Беттештеги жалгыз жана жеңишти камсыздаган голду оюндун 22-мүнөтүндө Анхель ди Мария киргизди. Аргентина акыркы жолу аталган кубокту 1993-жылы жеңген.
13 / 20
Барселонадагы (Испания) Cruilla музыкалык фестивалынан бир көрүнүш
14 / 20
Крым Евпаторийиндеги Сасык-Сиваш көлүнө түшүп жаткан кыз
15 / 20
Индиянын Праяградже базарында жүк көтөрүп иштеген киши
16 / 20
Калифорнияда (АКШ) токойду от алган учурда күйүп кеткен турак үйдөгү өрт өчүрүлүп жатат
17 / 20
Модель Маэва Кук Францияда 74-Канн эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышында
18 / 20
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындыргандан кийин аны замбил менен алып бара жатышат. Беттештин биринчи раундунда Макгрегордун буту кызыл ашыгынын үстүнөн сынып кетти. Дарыгерлер ага беттешти улантууга уруксат берген жок. Ошондуктан жеңиш Порьеге ыйгарылды
19 / 20
Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү
20 / 20
Италия курама командасынын футболчулары Евро-2020 мелдешинин финалында Англия командасын утуп чемпион болгонун майрамдап жатышат. Беттештин негизги бөлүгү жана экстра-тайм 1:1 менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар түз тээп, 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы уткан.