Пресс-борбор

Бельянинов: Кыргызстандагыдай табият эч жерде жок, бирок туризм тынчтыкты сүйөт

Бельяниновдун айтымында, Кыргызстандын туризм боюнча мактанарлык мүмкүнчүлүгү бар. Бирок тармакты өнүктүрүү үчүн туристтердин коопсуздугун камсыздоо зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандагыдай кооз табият эч жерде жок, бирок туризмди өнүктүрүү үчүн өлкөгө саясий туруктуулук зарыл. Мындай пикирин РФтин эмгек сиңирген экономисти, Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жолу" аталыштагы Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан — Бишкек видеокөпүрөсүнө катышты.
Бельянинов журналисттин "Евразия мамлекеттеринин ортосунда туризмдин мүмкүнчүлүгү канчалык, мындан Кыргызстан кандай пайда көрө алат?" деген суроосуна жооп берген.
"Саясий туруксуздук болгондо туризм өнүкпөйт... Кыргызстандагыдай ажайып, өзгөчө жерлерди башка жактан таба албайсың. Кереметтүү Ысык-Көлдөн тышкары уникалдуу тоолору бар. Деген менен туристтерди тартуу үчүн алардын коопсуздугун, тийиштүү шарттарды камсыздоо зарыл", — деген Бельянинов.
Ал революция өлкөдөгү туризмдин өнүгүүсүнө тескери таасирин тийгизерин белгиледи.
"Өнөктөштөр менен отуруп сүйлөшүү керек, мисалы биз Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен байланышып турабыз. Кыргызстанда көп улуттагы элдер жашайт, орус тили мыкты жайылган. Шарт түзсөңөр эл өзү барат", — деген ал.
Бельянинов: кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүгө эки нерсе жардам берет
Евразия элдеринин ассамблеясынын иш багыттарынын бири бул элдик дипломатия болуп саналат. Өткөн аптада, 9-июлда, ассамблеянын отуруму өткөн. Анда уюмдун төрт жылда аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылып, пландар талкууланган.
Евразия элдеринин ассамблеясы бул мамлекеттик эмес уюмдардын жана активдүү турмуштук позициясы бар адамдардын эл аралык союзу болуп саналат. Евразиялык интеграциянын баалуулугун жана идеяларын ишке ашырууга умтулуу, тынчтыкты коргоо, достукту бекемдөө, өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилени чыңдоо — уюмдун негизги багыттары.