БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери 1 650 бала вирус жугузуп, анын ичинен алтоо каза болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Алар ооруну кандай абалда көтөрүшкөн:
Балдардын жаш курагы:
Бүгүнкү брифинг учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова балдар да чоңдор сыяктуу эле коронавируска кабылылып жатканын, бирок аз санда экенин айтты.
"Балдар COVID-19ду жеңил өткөрүшөт, алардын арасында симптомсуз жана оорунун жашыруун формаларын алып жүргөндөр бар. Мындай балдар ачык симптомдору менен ооруган чоңдорго караганда инфекцияны көбүрөөк алып жүрүшөт", — деди ал.
Балдар арасында коронавирус жугузуп стационарга түшүп калгандардын саны Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда баарынан көп.
Республикалык штабдан кошумчалашкандай, 2020-жылдын жаз айларында дүйнө жүзү боюнча ооруган балдардын саны жалпы статистиканын 0,8-2 пайызын түзсө, учурда вирус жугузуп алгандардын 11-14 пайызы жаш балдар болуп эсептелет.