Аксыда сел агызып кеткен эки бөбөк табыла элек. Издөөгө 100дөй адам тартылды

Сел жүргөн маалда беш жаштагы баланы Таштак айылынан, үч жашар кызды Жолборсту айылынан агызып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. ӨКМ эртең менен саат 06:55ке карата берген маалыматында Аксы районундагы сел сегиз адамды агызып кеткенин билдирди.
Учурда алты адамдын сөөгү табылып, беш жаштагы бала жана үч жашар кыз дайынсыз болууда.
Кара-Кулжада селден 11 турак жай жабыркап, тазалоо иштери жүрүүдө. Сүрөт
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин 26 куткаруучусу, Аксы райондук милициянын 7 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.
Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Жаңы-Жол айылында эки турак жайдын короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Беш жаштагы баланы Таштак айылынан, үч жашар кызды Жолборсту айылынан агызып кеткени маалым болду.