Радио

Керималиев: асыл тукум мал чарбачылыгын жакшыртуу үчүн адистер окутулууда

Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Керималиев өлкөдөгү асыл тукум мал чарбалары текшерилип, кээ бири дотацияланарын айтты.
Sputnik
Учурда чарба малын азайтуу үчүн республика аймагында атайын окутууларды жүргүзүп жатабыз. Мындай маалыматты Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сандан сапатка өтүү максатында асыл тукум чарбаларында мониторинг жүргүзүлөт.
"Учурда чарба малын азайтуу үчүн республика аймагында атайын окутууларды жүргүзүп жатабыз. Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, малды уруктандыруу үчүн практикалык жана теориялык негизде атайын усулдарды иштеп чыгып, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга аракет көрүүдөбүз. Мисалы, фермер 100 уйдан алына турчу жыйынтыкты 30-40 уйдан эле көрсө болот. Бул экономикалык жактан да фермердин ишин жеңилдетип, сандан сапатка өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат эле. Учурда аймактарда атайын пунктулар ачылган. Чет өлкөдөн урук алып келип, аларды камсыздап койсок жылыш тез байкалат. Мындан тышкары, элет жерлеринде салтка айланган бадалар уюштурулуп келет. Ал жерден чарба букаларын жоготуп, өндүргүч букаларды кошуу жолу менен иш алып баруудабыз. Бизде асыл тукум чарбалары бар. Аларга мониторинг жүргүзүп, сапаттууларын калтырып, калганына дотация берүү чаралары каралат", — деди Керималиев.
Ошондой эле адис асыл тукум мал чарбачылыгынын ишин жакшыртуу үчүн техник-осеменатор кесиби боюнча адистер даярдалышы керектигин кошумчалады.