"Ысык-Көл" аэропорту Ташкенттен алгачкы туристтерди тосуп алды

Өзбекстандын борборунан Ысык-Көлгө бүгүн 40 киши келген. Каттамды жумасына бир жолу, тагыраагы, жекшемби күнү жүргүзүп туруу пландалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Ташкент — Тамчы — Ташкент маршруттук каттамын тосуп алды. Бул жайкы туристтик мезгилдин алгачкы каттамы экенин "Манас" эл аралык аэропорту" билдирди.
Эл аралык авиамаршрутту Ташкенттен Ысык-Көл облусуна Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, 40 жүргүнчүнү жеткирди.
Авиакомпания каттамды жумасына бир жолу, тагыраагы, жекшемби күнү жүргүзүүнү пландоодо. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.