БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алып той берген жаранга карата козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Тергөөнүн жүрүшүндө биринчи аялы менен ажырашпай туруп, экинчисине үйлөнүп той өткөргөн жарандын эки жубайы эки башка даректе жашай турганы белгилүү болгон. Кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган", — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, июндун башында социалдык тармактарда Сузактын тургуну экинчи аял алганы, тоюнда биринчи жубайы балдары менен аларды куттуктап, бакыт каалады деген видео тараган. Милиция бул фактыны тастыктап, Жазык кодексинин 179-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен кылмыш ишин козгогон болчу.
Адатта көп аял алгандардын күнөөсү аныкталса 100 миң сомдон ашуун айып пул төлөйт.