Шейшембиге карата аба ырайы

13-июлда республиканын айрым аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Шейшемби күнү тоолуу райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градусту түзөт.