БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы "Сапат" лицейлер тармагынын директору Орхан Инандыга "куралдуу террордук уюмду башкарган" деген айып тагылып, камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Түркия агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, Инанды Түркияга Улуттук чалгындоо уюмунун атайын операциясынын алкагында жеткирилген.
"Анкаранын полиция департаментинде бардык процедуралар аяктап, медициналык кароодон өткөн соң Инандыны соттун имаратына алып барышкан. Ал иликтөө жүргүзүп жаткан прокурорго көрсөтмө берген", — деп жазылат маалыматта.
Башка ЖМКлардын жазганына караганда, Инанды ФЕТОнун Борбор Азиядагы куратору экенин мойнуна алган. Ошондой эле анын структурасы, байланышы жана уюмдун мүчөлөрү тууралуу айтып берген.
Орхан Инандынын жоголушу
"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан. Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.
Ал эми 5-июлда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды өлкөгө алып келингенин жар салган.