Боомдогу автобус кырсыгы боюнча соттук экспертиза жүргүзүлөт

11-июлда Боом капчыгайында балдарды ташыган автобус кырсыктаган. Бул боюнча министрликтерге бир катар тапшырмалар берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинде Боом капчыгайынын аймагында балдарды ташып келе жаткан автобустун кырсыктаганы боюнча жыйын өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 11-июлда Бишкек — Торугарт жолунун 128-чакырымында үч автобус жана эки жеңил унаа кагышкан жол кырсыгы катталып, беш бала жана 28 жаштагы жүргүнчү жабыркаган.
Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өткөрүп, мамлекеттик органдарга эскертүү берген.
"Боом капчыгайындагы балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан жол кырсыгы мамлекеттик органдардын чоң кемчилиги. Мындай учур кайра кайталанбашы керек. Ата-энелер балдарын лагерге жиберер алдында коопсуздугуна толук ишенгидей болушу шарт", — деген Бакашова.
Ал мамлекеттик органдар балдардын лагерь жана ден соолукту чыңдоо борборлорундагы эс алуусун сапаттуу уюштурууга көңүл бурушу керектигин айтып, анын ичинде тамак-ашына, гигиеналык талаптардын сакталып жатканына да көзөмөл жүргүзүшү керектигине токтолгон.
Жыйындын жыйынтыгы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары төмөнкүдөй  тапшырмаларды берген: