Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы дайындалды

Президенттин алдындагы антикоррупциялык ишкердик кеңеш бир нече күн мурда түптөлгөн. Бүгүн Садыр Жапаров аталган уюмдун башчысын дайындады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Нуруйпа Муканова президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстанда жаңы кызмат пайда болуп, ага Таалатбек Масадыков дайындалды
БШКнын маалыматтарынан өткөн референдумда Муканова президенттик башкарууну колдогон үгүттөө тобун жетектегендигин окууга болот.